Биз менен байланышыңыз

27-28-июнда манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 533 | 0

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы 27-28-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Анын алкагында 25 өлкөдөн катышкан Дүйнө элдеринин V фестивалы, Эл аралык илимий симпозиуму жана Маданий ар түрдүүлүк парады болот.

Маданий парадка байыркы дастан айтуу өнөрүн сакталышына салым кошкон Алтай, Тыва, Саха(Якутия), Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандандан келген айтуучулар катышат.

Ошондой эле фестивалга чет өлкөнүн белгилүү маданий кызматкерлери келип, өз өнөрлөрүн тартуулашат.

 

Copyright © 2017 Maral FM