Биз менен байланышыңыз

Марал радиосунун «ырчы жеңеси» Назгүл Акунованын чыгармачылык кечеси өтөт

5-майда Марал радиосунун «ырчы  жеңеси», таланттуу алып баруучу Назгүл Акунованын чыгармачылыктагы алгачкы бенефиси өтөт. Бул тууралуу радионун көңүл ачуу бөлүмүнүн башчысы Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Маралдын ырчы жеңесинин» талантына күбө болуп, чыгармачылыгы менен таанышууну кааласаңыз, анда сизди 5-май күнү Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрында  саат 14:00дө өтө турчу кечеге чакырабыз. Билеттин баасы 500 сом. Сурап билүү телефону 0770 146047  (Нурайым).

Кошумчалай кетсек, Назгүл Акунова «Марал» радиосунда алып баруучу, ди-джей катары беш жылдан бери эмгектенет. Радионун угармандарына «Ырчы жеңенин ысык чайы» программасындагы «ырчы жеңе» ролу менен таанылган. Ал жеке ырчы катары да ырдап, репертуарында бир канча ырлары бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM