Биз менен байланышыңыз

«ЮрАзиянын» уран казууга уруксат берилген документи жок

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 512 | 0

«ЮрАзия» компаниясынын чалгындоого гана лицензия алган, азыркы учурда компаниянын колунда уран казууга уруксат берилген документтери жок. Мындай маалыматты бүгүн, 2-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары Өкмөттүн уран кени боюнча маалыматын угууда. Кубатбек Боронов «ЮрАзия» компаниясынын Ысык-Көл облусу боюча уранды чалгындоого 2020-жылдын 31- декабрына чейин лицензиясы бар экендигин жана ал азыр убактылуу токтотулуп турганын айтты.

Ошол эле учурда биринчи вице-премьер-министр уран кенин чалгындоого уруксат алган компания жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, түшүндүрүү учурунда калктын арасында макул болбогондору да болгонун, жолугушуулар жакшы эмес болгонун мойнуна алды.

Copyright © 2017 Maral FM