Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министри Венгриядагы мекендештер менен жолугушту

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 369 | 0

Венгрияга иш сапары менен барган Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Венгрия жана Австрияда жашаган мекендештер менен Будапешт шаарында  жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Министр Кыргыз Өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укуктарын коргоого багытталган иштери, мамлекеттик реформалар тууралуу маалымат берип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн приоритетүү багыттарын белгиледи.

Өз кезегинде мекендештерибиз министрге жумушка орноштуруу, эмгек визасын алуу, пенсия жаатында эл аралык кызматташтык, Венгрияда билим алуу сыяктуу өздөрүн кызыктырган ар кандай суроолорду беришип, жооп алышты.

Жолугушууга министр менен кошо, Кыргызстандын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Жусупов жана Кыргызстандын Венгриядагы Ардактуу Консулу Эндре Эрдош мырза да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM