Биз менен байланышыңыз

Орусиянын акча которууга койгон чектөөсү мигранттарга кыйынчылык жаратат

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 667 | 0

Алмазбек Токторов Орусиянын Кыргызстанга акча которууга койгон чектөөсү боюнча маселе көтөрүп чыкты.

Орусиядагы акча которуулар системи бир катар мамлекеттерге 100 миң рублдан ашык акча которууга чек койгон.

«Улуттук Банк биздин мигранттардын орточо которуулары 100 миңге жетпейт, ошондуктан, мекендештерибизге таасири жок деп маалымат берип жатат. Ар кандай кырдаалдар, жакшылык-жамандык окуялар болуп калат. Акча чогултуулар болот. Көп акча которуулар болуп калат. Ошондуктан ЕАЭБдин курамындагы биздин министрлер бул маселени көтөрүшү керек, мигранттардын укугун коргошу зарыл», — деди депутат Токторов.

Эске сала кетсек, өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгүн мигранттардан которулган каражат түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM