Биз менен байланышыңыз

Путин паспорт алууну жеңилдетүү тууралуу жарлыкка кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2019 | 644 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун Орусия паспортун алуу укугун жеңилдетүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Жеңилдетилген тартипте Орусиянын жарандыгын алуу үчүн төмөнкү өлкөлөрдүн жарандары кайрыла алат:

  • Украинанын жарандары, же башка өлкөнүн жарандыгын албаган Крым жана Севастополь аймагында төрөлүп, ал жерде туруктуу жашагандар. Ошондой эле аталган аймактан 2014-жылдын 18-мартына чейин чыгып кеткендер, алардын үй-бүлөсү, ата-энеси;
  • Украинанын жарандары, же жарандыгы жок адамдар, Орусиянын аймагында убактылуу жашоого уруксаты барлар, же убактылуу баш калкалоого күбөлүгү барлар. Ошондой эле, Украинанын Донецк жана Луганск облустарында 2014-жылдын 27-апрелине чейин туруктуу жашагандар, алардын үй-бүлөсү, ата-энеси;
  • Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор, Крым АССРинин аймагынан жубайлары мыйзамсыз депортациялангандар, же бала асырап алгандар, алардын туугандары, үй-бүлөсү;
  • Ооганстандын, Ирактын, Йемендин жана Сириянын, ошондой эле Советтер Союзунун аймагында төрөлүп, мурадгы СССРдин жарандыгын алгандар, алардын үй-бүлөсү, ата-энеси;

Copyright © 2017 Maral FM