Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун Орусия паспортун алуу укугун жеңилдетүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Жеңилдетилген тартипте Орусиянын жарандыгын алуу үчүн төмөнкү өлкөлөрдүн жарандары кайрыла алат:
- Украинанын жарандары, же башка өлкөнүн жарандыгын албаган Крым жана Севастополь аймагында төрөлүп, ал жерде туруктуу жашагандар. Ошондой эле аталган аймактан 2014-жылдын 18-мартына чейин чыгып кеткендер, алардын үй-бүлөсү, ата-энеси;
- Украинанын жарандары, же жарандыгы жок адамдар, Орусиянын аймагында убактылуу жашоого уруксаты барлар, же убактылуу баш калкалоого күбөлүгү барлар. Ошондой эле, Украинанын Донецк жана Луганск облустарында 2014-жылдын 27-апрелине чейин туруктуу жашагандар, алардын үй-бүлөсү, ата-энеси;
- Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор, Крым АССРинин аймагынан жубайлары мыйзамсыз депортациялангандар, же бала асырап алгандар, алардын туугандары, үй-бүлөсү;
- Ооганстандын, Ирактын, Йемендин жана Сириянын, ошондой эле Советтер Союзунун аймагында төрөлүп, мурадгы СССРдин жарандыгын алгандар, алардын үй-бүлөсү, ата-энеси;