Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Биз жалпы аракетибиз менен гана өлкөбүздү өнүктүрө алабыз

Кыска кабар | 1 мая 2019 | 407 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө калкын 1-Май — Эмгек күнү менен куттуктады.

«Бул майрам биздин тарыхтын ажырагыс бир бөлүгү  болуп саналат. Чынчыл, ак ниет эмгек – бардык коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи экендигине мен терең ишенем. Ал ар кандай кесиптеги, курактагы жана түрдүү улуттагы элди бириктирет. Биз жалпы күч-аракеттерибиз менен гана өлкөбүздү гүлдөтүп өнүктүрө аларыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Өкмөт башчысы өз куттуктоосунда эгемендүү Кыргыз Республикасынын бакубатчылыгы үчүн өмүр бою эмгектенип келишкен урматтуу ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM