Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө калкын 1-Май — Эмгек күнү менен куттуктады.
«Бул майрам биздин тарыхтын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Чынчыл, ак ниет эмгек – бардык коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи экендигине мен терең ишенем. Ал ар кандай кесиптеги, курактагы жана түрдүү улуттагы элди бириктирет. Биз жалпы күч-аракеттерибиз менен гана өлкөбүздү гүлдөтүп өнүктүрө аларыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.
Өкмөт башчысы өз куттуктоосунда эгемендүү Кыргыз Республикасынын бакубатчылыгы үчүн өмүр бою эмгектенип келишкен урматтуу ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирген.