Биз менен байланышыңыз

«Дарак ыры» — баш байге алды, «Мугалим» — мыкты тасма аталды

Кыргызстандык кино чебери Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы Татарстандын баш калаасында өткөн XV Казан эл аралык мусулман кинолорунун фестивалында баш байгени жеңип алды.

Ал эми дагы бир кыргызстандык режиссер Ибадылла Ажибаевдин «Мугалим» тасмасы «Фестивалдын мыкты кыска метраждуу даректүү тасмасы» деп табылды.

Бул тууралуу режиссер Ибадылла Ажибаев «Маралга» билдирди.

XV Казан эл аралык мусулман кинолорунун фестивалынын сынактык программасына дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүнөн 55 тасма катышкан.

Кинофестиваль Казан шаарында 24-апрелде башталып, кечээ 30-апрелде жыйынтыкталган.

Эске сала кетсек, «Дарак ыры» тасмасы жакында эле Орусиянын Самара шаарында өткөн «Балдарга кино» эл аралык фестивалында баш байге алган.

Ал эми 18-26-апрель күндөрү Иранда өткөн «Фажр» эл аралык кинофестивалында көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM