Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кинематографисттер Союзуна жаңы төрага шайланды

Кыска кабар | 17 Фев 2019 | 1014 | 0

Айбек Дайырбеков Кыргызстан Кинематографисттер Союзунун төрагасы болуп шайланды. 16-февралда Кыргызстан кинематографтар кеңешинин съезди болуп, анда жаңы жетекчини шайлоо өттү.

Төрагалыкка 3 талапкер; Марат Сарулу, Айбек Дайырбеков жана Болот Алимбаев ат салышмак. Алимбаев добуш берүүдөн мурда өз талапкерлигин алган.

Жыйынга 305 мүчөнүн 148и катышты. Шайлоонун жыйынтыгында Айбек Дайырбеков 79, ал эми Марат Сарулу 69 добуш алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM