Биз менен байланышыңыз

«Дарак ыры» эл аралык мусулман кинолорунун фестивалында көрсөтүлөт

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 695 | 0

Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун колдоосу менен 24 — 30 апрель аралыгында XV Казан эл аралык мусулман кинолорунун фестивалы өтөт. Аталган фестивалга Кыргызстандан үч тасма катышат. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com расмий сайты маалымдады.

Азия жана Европа өлкөлөрүнөн фестивалдын кыска тизмесине кирген  55 тасманын арасында Кыргызстандан режиссёр Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры”, Айзуура Иманалиеванын “Кумайык” жана Ибадылла Ажибаевдин “Мугалим” тасмалары да ат салышууда.

Аталган фестиваль Татарстандын баш калаасы Казан шаарында 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет. Фестиваль өздүк программасына ылайык дүйнөлүк кинематографисттердин толеранттуулукка, тынчтыкка жана адилеттүүлүккө чакырган тасмалары тандалып алынат.

Copyright © 2017 Maral FM