Биз менен байланышыңыз

«Дарак ыры» жөнүндө The Hollywood Reporter журналы жазып чыкты

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 817 | 0

«Дарак ыры» жөнүндө кино дүйнөсүндөгү эң популярдуу «Голливуд репортер» (The Hollywood Reporter) журналы жазып чыкты. Бул тууралуу Айбек Дайырбеков өзүнун фейсбук баракчасында сүйүнчүлөдү.

«The Hollywood Reporter» журналы биздин «Дарак ыры» жөнүндө макала жарыялады. Кандай гана жакшы. Макаланын автору кинонун режиссерлору менен  бир канча актерлердун атын атап жазышы менен баардык топту куттуктайм-сиздерди дүйнө окуп жатат”,- деп жазган жаш режиссер Айбек Дайырбеков.

Макаланы Шери Линден аттуу америкалык белгилүү кино сынчы жазган. Ал “Дарак ыры” жөнүндө макаласында салт менен заманбап жашоонун кагылышын музыкалык драма түрүндө жазылганына басым жасаган.

Ошондой эле Айбек Дайырбековдун эски замандын ханынын кызы менен карапайым баланын сүйүүсүн таасирдүү жана кызыктуу чагылдырган дебюту деп баалаган.

Жаш режиссер Дайыбеков менен Садык Шер-Нияз биргелешип жазган кинодо негизинен сүйүүнүн асыл күчү айтылып, салт жана үй-бүлө тарыхына негизделип жазылганын айтат.

Мындан сырткары дүйнөнүн адам буту баспаган бөлүгүндө сүрөттөлгөн көчмөн ат маданияты кыргыз тарыхынын айланасында айтылганына да токтолгон.

Кино сынчы Бегимайдын ыры, анын үнүнүн тунуктугу, аялдарга болгон басым, ыйык дарак, Базарбайдын боз үйдү берүүсүндөгү философиялык ой жана аны чагылдыруудагы режиссердун чеберчилигине кеңири токтолгон.

Кино боюнча макалада мындан тышкары монтаж кылуучулардын жана операторлордун эмгектерине жогорку баа берилген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM