Биз менен байланышыңыз

Керималиев: Таласка жаңы сорттогу буурчак үрөнү келет

Кыска кабар , Пикирлер | 1 мая 2019 | 691 | 0

Кыргызстан жылына 1 млн. 200 миң тонна буудай керектейт. Анын 700 миң тоннасын жергиликтүү дыйкандар өндүрөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик материалдык резервге жылына 20 миң тоннага жакын буудай өткөрүлөт.

«Таласта буурчактын жаңы түрүн сыноо үчүн үрөнчүлүк чарбасын ачып жатабыз. Жакында жаңы сорттогу 5 миң тонна буурчак келет. Дыйкандар алып эксе болот. Мындан сырткары, кант кызылчасынын үрөнү дыйкандарга таратылды, алар күзүндө түшүмдү кимге сатарын билет. Сатып алуучу компниялардын өкүлдөрүн алып барып, дыйкандарга тааныштырып келдик. Кооперация, ассоциациялар менен келишимдерди түзүп, кардарларды табуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул багытта Тышкы иштер министрлиги, Экономика министрлигинин адистери да чет өлкөлөр менен келишим түзүүгө жардам бериши керек», — дейт Керималиев.

Ал белгилегендей, Айыл чарба министрлигинин милдети: дыйкандарга минералдык жер семирткичтерди жеткирип берүү.

«Учурда жер семирткичтерди алып келүүчү бирикмелер иштеп жатат. 395 миң тоннага жакын жер семирткич керектелсе, учурда 65 миң тоннасы алынып келинген. Бул көлөм жазгы талаа иштерине жетет. Жер семирткичтердин баасы өтө кымбат эмес. Селитранын 1 килограммы 18 сом, карбамиддин 1 килограммы 20,5 сом. Казакстандын аммофосу 28 сомдон сатылууда. Баалар көзөмөлдөнүп жатат», — дейт Керималиев.

Copyright © 2017 Maral FM