Биз менен байланышыңыз

«Сууну товар катары сатууну демилгелөөгө Өкмөттүн эрки жетти»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Фев 2019 | 777 | 0

Айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев “Марал” радиосуна берген маегинде сууну  жаратылыш ресурсу катары сатуу маселеси көп убактан бери көтөрүлүп келгенин айтып, азыркы өкмөттүн эрки жетип сууну товар катары сатуу демилгесин көтөрүп чыкканын билдирди.

Анын айтымында, өкмөт «Суу кодекси» жана «Суу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бирге сууну товар катары сатуунун тариф саясатын иштеп чыгат. Сууну сатууда дыйкандарга жеңилдиктер каралган.

«Суу ресурсуна болгон төлөмдөн түшкөн каражат тарифтен көз каранды. Мыйзам колдоого алынган соң гана тарифтерди айта алабыз, азыр айтууга эрте. Бирок баа көп көтөрүлбөйт. Тарифте коңшу мамлекеттер жөнүндө сөз жок, бул саясий жол менен чечилет. 2026-жылга чейин каралган программаларды ишке ашыруу үчүн суу төлөмдөрүнүн каражатынан жаңы объектилерди курууга болот. Токтогул суу сактагычынан башка суу сактагычтар биздин баланста. Аларды инвентаризациядан өткөрүп, мониторнг жүргүзүп турабыз. Суу тартыш болгондо сууну алгач казактарга эмес, кыргыз тарапка берип жатабыз», — дейт Керималиев.

Ал буга кошумча, Ош облусундагы Папан суу сактагычы реконсрукциядан өткөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, өкмөт сууну товар катары сатуу үчүн Суу кодекси жана «Суу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору 4-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде 3-окууда жактырылган.

Copyright © 2017 Maral FM