Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жазгы талаа иштери башталды

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2019 | 1074 | 0

Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары башталды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өкмөттүн «Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоору ишке кирди.

-Жазгы талаа жумуштарына байланыштуу өкмөттүн токтому кабыл алынды. Ага байланыштуу «Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоору ишке кирди. Бул долбоор башка жылдарга салыштырмалуу эрте кабыл алынды. Негизи өлкө боюнча жазгы талаа жумуштары 15 күндөн кийин башталат. Бирок Араванда дыйкандар себүү иштерин жүргүзүүдө. Аймактарда штабдар түзүлүп, министрлик менен кабарлашып, маалыматтарды берип турушат.

Жаныбек Керималиев кошумчалагандай, жазгы талаа жумуштарына ирригация, үрөн жана техникалар даяр. Ал эми «Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоору аркылуу өсүмдүктөрдүн башка түрүн өстүрүүгө да насыя берүү каралган.

Copyright © 2017 Maral FM