Биз менен байланышыңыз

Керималиев: Журналисттер картошка маселесин көтөрүп, башаламандык болуп кетти

Кыска кабар , Пикирлер | 1 мая 2019 | 712 | 0

Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев «Марал» радиосуна берген маегинде журналисттер картошка көйгөйүн көтөрүп, башаламандык болуп кеткенин билдирди.

Анын айтымында, журналисттер шашылыш маалымат берип алышкан.

«Азыр картошка сатылып кеткен соң, ошол эле журналисттер чыгып, «Эми картошка калбай калды», — дейт. Аларга айтарым, биз менен бирге маалымат алмашып, бирге иштешсе… Быйыл картошканы сатуу көйгөйгө айланып, дыйкандар чыгым тартып калды. Аны моюнга алабыз. Анткени, кошуна өлкөлөрдө картошканын түшүмдүүлүгү жакшы болуп, биздин дыйкандарынын өндүрүмү башка мамлекетке өтпөй калды», — дейт Карималиев.

Анын билдиргенине караганда, Айыл чарба министрлиги дыйкандарга шартка жараша себиле турган айыл чарба өсүмдүктөрүн сунуштап келет. Учурда картошкадан башка өндүрүмдөрдүн алдын ала болжолу туура эле болуп келе жатат.

«Биз бардык өсүмдүктөрдү структуранын негизинде өстүргүлө деп айтабыз. Дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү боюнча окутууларды жүргүздүк. Картошканы азыраак айдоону сунуштадык. Азыр тоют өсүмдүктөрүнө басым жасоо зарыл. Себеби, фермерлер асыл тукум мал кармоого өтө баштады. Маш буурчакты өндүрүү боюнча кеңеш берип жатабыз. Бизде үрөндөр жетиштүү», — дейт Керималиев.

Маалыматка ылайык, быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмүнүн жалпы аянтын 4,5 миң гектарга кеңейтилген.

Copyright © 2017 Maral FM