Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Ата Мекендик согуш аталардын эскерүүсүндө

Коом | 8 мая 2019 | 982 | 0

Быйыл, Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленет. Мекен үчүн кан-жанын аябаган аталардын, бар тапканын аскердеги балдарыбызга деп, эшелондоп-вагондоп жөнөтүп турган ооруктагылардын эрдиги менен келген бул Жеңиш. Атап айтканда, кан күйгөн экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миӊдей адам катышып, 160 миӊдейи майдандан кайтпай калган (мунун ичинен 56 миңге жакыны дайынсыз жоголгон). Алсак, Ысык-Көл облусунда согушта жана оорукта эмгек кылгандардан болгону 29 ардагер калды. Алардын баяны тууралуу кененирээк сөз кылабыз.

Тоӊ районунун Ак-Сай айылынын тургуну Маданкул Сулайманов быйыл 94-жазын тосуп жатат. Ал Улуу Ата Мекендик согушта жанын аябаган жаш жоокерлердин катарын толуктап, душмандын мизин майтарууга аттанган. Кан күйгөн майданда жарадар болуп, ажалы жоктугунан акыры Мекенине кайтуу насиби буйруган. Ал күндөрдү каарманыбыз минтип эскерет:

— Согуш майданына 1945-жылы аскерде кызмат өтөп, атайын даярдыктан өткөн соӊ жөнөтүштү. Эӊ биринчи эле Украинадагы Крымда болдук. Ал жактан фашист менен татарлардын салгылашусуна катыштык. Андан соӊ колума ок тийип, жарадар болдум. Убакыт канча өткөнүн билбейм, 9-май күнү түшкү саат 11лер чамасында согуш буттү деген кабар келди. Госпиталда жатканда эл катуу майрамдап жатышты.  Анда кыргыз жоокерлери азыраак, көпчүлүгү түркмөндөр, орустар, өзбектер эле. «Эми мындай согуш эч качан болбосун», — деп тилейбиз.

Ошондой эле, жаштыгын улуу Жеңиштин келишине арнаган Ысык-Көл районуна караштуу Чок-Тал айылынын тургуну 95 жаштагы Айтыш Шайыков да бар. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 1944-жылдын декабрь айында аскерге чакырылып, майданга 45-жылдын март айында жөнөтүлгөн. А дегенде эле Германияга барып, бутунан жаракат алган. Жеңиш тууралуу кабарды госпиталда жатканда уккан.

— Мен аскерге 18 жашымда барган элем. Адегенде Алматыдан 4 айча машыгып, анан согуш талаасына аттандык. Ошондо Берлинге 60 км калыптыр. Душмандар колго түшүп бере койгон жок, биз менен катуу күрөшүп жатышты. Көп узабай бутуман жаракат алып, госпиталга түшүп калдым. Жанымда Бишкектин четиндеги Красная-Речка  айылынан келген 40 жаштагы орус жаткан эле. Ал: «Ай, бала, согуш бүттү!» — деп сүйүнчүлөдү.  Госпиталда жаткандар дароо ашканага кирип, майрам уюштурдук.

Тилекке каршы, кан күйгөн майданга аттанган жоокердин баары эле Мекенге кайтып келген эмес. Кай биринин үй-бүлөсүнө согушта курман болгону тууралуу кара кагаз келсе, айрымдары дайынсыз жок болгон. Кара кагаз келгендердин катарында Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну, согуштун ардагери 93 жаштагы Салыке Солтоевдин агасы да бар. Агасына кара кагаз келгенден кийин өзү да согушка аттанып, Кудайдын буйругу менен эл-жерине эсен-аман кайтып келген.

— Улуу Ата Мекендик согуш башталганда эле, 1941-жылы агам Макаба Солтоев чакырылган. 1943-жылы агамдын түштүк Украинада курман болгондугу тууралуу суук кабар келди. 1944-жылы мени Казакстанга аскерге алып кетишти. № 1189 полкко кошулдум. Ал жерден Кавказга жиберишти. Түрк-грузин чек арасында болуп, 51-корголуучу райондо 2 жарым жыл кызмат өтөдүм.

Маалыматка ылайык, II дүйнөлүк согуш аскерий саясий коалициялардын согушу болгон. Согушка жалпы 61 өлкө катышкан. Алардын катарында Кыргыз өлкөсү да бар.

Copyright © 2017 Maral FM