Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Кыргызстан санариптешүүгө өзгөчө көңүл бөлүүдө

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 618 | 0

Ереванда өтүп жаткан ЕАЭБдин евразиялык өкмөттөр аралык кеңешмесинде Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөдү.

Өкмөт башчы Абылгазиев  сөзүн жыйындын катышуучуларын келе жаткан 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап баштады. Ал ошондой эле, Евразиялык интеграция идеясынын пайда болгонуна быйыл 25 жыл, ал эми ЕАЭБдин түзүлгөнүнө 5 жыл болгонун айтып, биримдик күндөн-күнгө өнүгүп жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, Кыргызстан санариптешүүгө өзгөчө маани берип жатканын айтып,  «Өндүрүштүк кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялардын трансфери боюнча евразиялык тармак» долбоорун колдой турганын билдирди.

«Мен «Өндүрүштүк кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялардын трансфери боюнча евразиялык тармак» долбооруна өзүнчө токтолуп кетейин. Анткени, бул долбоор ЕАЭБ алкагындагы санариптештирүү иштерин жеңилдетет жана өндүрүштөгү байланыштарды бекемдейт. Ошондой эле, Кыргызстан «бирдиктүү терезе» системасын улуттук деңгээлде ишке ашырууга аракет кылууда. Мамлекеттик кызматтардын электрондук тартипте иштөөгө өтүүсү эл аралык сооданы өнүктүрүүдө көмөктөшөт».

Ошондой эле премьер-министр Абылгазиев сөзүнүн соңунда, кесиптештерин Ысык-Көлдүн жээгинде жай айында өтө турган жыйынга чакырып өттү.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмесинин жыйыны Еревандагы Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексинде өтүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM