Биз менен байланышыңыз

Бүгүн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмеси өз ишин баштайт

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 618 | 0

Бүгүн Армениянын борбору Ереванда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмеcинин жыйыны өз ишин баштайт. Ага Кыргызстандан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган делегация катышууда.

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмесинин жыйыны Еревандагы Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексинде өтөт. Иш-чара премьер-министрлердин чогуу сүрөткө түшүүсү менен башталат, андан соң, тар чөйрөдө жана кең чөйрөдө жыйын болору күтүлүүдө. Жыйын аяктагандан кийин Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян журналисттерге маалымат жыйын берери айтылды.

Маалым болгондой, кечээ 29-апрелде өкмөт башчы Абылгазиев баштаган топ Арменияга жумушчу сапар менен келген. Өкмөт башчыны аба майдандан Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды. Ошондой эле, бул иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жана Кыргызстандын Армениядагы ардактуу консулу Бабкен Седракян да катышты.

Премьер-министрди коштогон делегациянын курамында: вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Экономика министри Олег Панкратов, Информациялык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев, Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков, Фитосанитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Калысбек Жумаканов, өкмөт башчынын кеңешчиси Кубатбек Рахимов жана башкалар бар.

Copyright © 2017 Maral FM