Биз менен байланышыңыз

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген форматта өтүүдө

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 337 | 0

Бүгүн, 20-августта, Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны кеңейтилген форматта өтүүдө.

Иш-чарага Армениянын  премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келди.

Ошондой эле жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышып жатат.

Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM