Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 719 | 0

Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик №2 резиденцияда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өтүп жатат.

Саламдашуу жана салтка айланган сүрөткө түшүүдөн соң, жыйын тар форматта башталды.

Иш-чарага Армениянын  премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келди.

Ошондой эле жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышып жатат.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандоону колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат.

Copyright © 2017 Maral FM