Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт да эч нерсе чече албайбы деген ой туулат»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Апр 2019 | 641 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев «Марал» радиосуна берген маегинде айыл өкмөт башчылары менен шаар мэрлерин эл түз шайлашы зарыл экенин билдирди.

«Президент менен эл өкүлдөрүн эл шайлап эле жатат. Калаа башчылары да түз шайланганда, программасы менен келип, көбүрөөк талапкер болмок. Бирок эл тарабынан шайланган айыл өкмөт башчысы менен мэр акимди укпай коёт. Шайлоодо бизге иштебей коёт деп коркушат. Бул жерде өзгөртүүгө аракет кылган чечкиндүү адам жок», — дейт Бокоев.

Анын айтымында, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги эч кандай маселени чече албайт. Анткени, өкмөт уруксат бербейт.

Аткаруу бийлиги айыл өкмөттөрдү баш ийдирип алган.

«Өкмөт да эч нерсе чече албайбы? — деген ой туулат. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер эч кимге отчёт бербейт. Аша чапкан акимдер айыл өкмөт башчыларын кызматтан кетирем деп кокутат. Бирок, мыйзамда андай эмес. Мэр менен айыл өкмөт башчыларын президент да жумуштан ала албайт. Мындан сырткары, өнүккөн мамлекеттерде аким менен айыл өкмөт башчылары аз жолугат. Ал эми биздечи? Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында боз үйдү айыл өкмөттөр тигип, дасторкон жайды. Анын баарын мыйзам бузуу, түз буйрук менен жасашты. Аткаруу бийлиги айыл өкмөттөрдү өз алдынчалыкка чыгаргысы жок», — дейт эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM