Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште онлайн петиция долбоору боюнча коомдук угуу өтөт

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 843 | 0

3-майда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунда «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» жана «Кыргызстандын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу онлайн режимде петицияларды сунуштоо жана кол коюу механизмдерин киргизүү чаралары каралган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Аалы Карашев, Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Айнура Осмонова, Сайдулла Нышанов, Марат Аманкулов, Өмүрбек Бакиров, Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 15-апрелден тарта коомдук талкууга коюлган.

Иш-чара БУӨПтүн «Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия» программасынын көмөгү менен өткөрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM