Биз менен байланышыңыз

Талгарбеков: Мамлекетти башкаруу туура эмес жолдо баратат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2019 | 534 | 0

Саясатчы Бекболот Талгарбеков «Марал» радиосуна берген маегинде мамлекетти башкаруу туура эмес жолдо бара жатканын билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев түзүп кеткен кылмыштуу коррупция ушул кезге чейин сакталып келүүдө. Бийлик алмашса да, системаны өзгөртө алган жок.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун ишеним рейтинги 95 %дан 65 %га түштү. Себеби, маселелер чечилген жок. Өлкөгө инвестиция келбей жатат. Ал эми Атамбаевдин убагында сокур тыйын да тартылган эмес. Ал өзүнүн тар түшүнүгүндө карыздарды инвестиция деп атачу. Экинчиден, соттук-укуктук реформа жасалбай жатат. Алсак, биздин сөздү уккан соттор болгон жок. Алар чечимди уктап отуруп эле чыгара салышат. Атамбаевди камабаса тынчтык орнобойт, мамлекет алдыга жылбайт», — дейт Талгарбеков.

Анын пикиринде, мамлекетти башкаруу туура эмес жолдо бараткандыктан, анын бутактарын жакшыртуу — утопия.

«Жээнбеков башкы маселелерди чечпесе, кайдагы жылыш? Алсак, Айыл чарба министрлигинде жакшы адистер бар, бирок саясаты жок. Аталган министрлик керек, анткени, жасай турган иштер көп. Бирок, мамлекетти башкаруу туура эмес жолдо бараткандыктан, анын бутактарын жакшыртуу — утопия», — дейт Талгарбеков.

Copyright © 2017 Maral FM