Биз менен байланышыңыз

Талгарбеков: Карыпбеков 1 айдын ичинде кечирим сурабаса, сотко берем

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2019 | 987 | 0

Саясатчы Бекболот Талгарбеков «Марал» радиосуна берген маегинде эгерде КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков 1 айдын ичинде кечирим сурабаса, сотко берерин билдирди.

Талгарбеков Карыпбеков телефондогу сүйлөшүүлөрдү бурмалап, туура эмес маалыматтарды таратканын белгиледи.

«Бизди укуктук талаада мыскылдап, каралагандыгы үчүн бир нече сот процессин жүргүзөм. 1-2 гезитти, КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбековду да сотко берем. Ал «Талгарбековдун 10 гектар жери бар» деген калп маалымат тараткан. Эгер ошол жер аныкталса, Карыпбековго берем. «Икрамжан Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков, Фарид Ниязовдор экс-президент Алмазбек Атамбаевге туура эмес кол кабыш кылып жатат» дегенибизде, алар кыянат иштери элге чыгышынан коркуп кетип, «Элдик парламенттин» мүчөлөрүн жалган жалаа менен каматышкан. Биз Атамбаев кылып жаткан иштин баарын ачыктап бердик. Ал маалыматтар ушак деңгээлиндеги иштер эмес болчу. Бишкек ЖЭБиндеги, жолдордогу, электр кабелдери боюнча иштерди ошондо эле айтканбыз. Маалыматтарды гезиттерден, интернеттен алгам. Июнь окуяларын изилдегенде, ачык иштегенбиз. Бирок, Атамбаев булар төңкөрүш жасамак деген ушак тараткан. Эгерде Атамбав орус лидери В.Путин менен дос болсо, кантип Орусиянын Коопсуздук боюнча эл аралык кызматынын генералдары Кыргызстанда төңкөрүш үчун мага жардам берсин?» — дейт Талгарбеков.

Ал мындан сырткары, учурда 2 багытта иштеп жатканын кошумчалап, камакта жатканда колдоо көрсөткөн айрым саясатчылардын атын атап, ыраазычылыгын билдирди.

«Биз толук акталып чыгышыбыз керек. Бул боюнча атайын жарандык уюм түздүк, толук реабилитация боюнча иш алып барабыз. Бизди колдогон саясатчылар көп болду. Медеткан Шеримкулов, Адахан Мадумаров, Жолборс Жоробеков, Аликбек Жекшенкулов, Миталип Мамытов, Каныбек Осмоналиев сыяктуу 200дөй адам колдоп турушту», — дейт Талгарбеков.

Белгилей кетсек, «Элдик парламент» оппозициялык бирикмесинин жетекчилерине карата Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети тарабынан 2016-жылдын май айында кылмыш иши козголгон. Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана башкалар «бийликти күч менен басып алууга даярдануу» беренеси менен айыпталышкан. Прокурорлор мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн Талгарбековду 17 жылга эркинен ажыратууну сурашкан.

Талгарбеков 2019-жылдын 7-мартында эркиндикке чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM