Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Фармацевтиканы реформалоодо жарандардын саламаттыгын эске алуу керек

Ден соолук , Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 995 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин 2016-жылга карата 15 аталыштагы дары каражатын мисал кылып талдоо жүргүзгөн маалыматында, ар башка саламаттык сактоо уюмдарынын сатып алуу баасы бир топ айырманы (30% жогору) көрсөттү.

2017-жылы саламаттык сактоо уюмдарынын отчетун кайрадан талдоонун негизинде дары-дармек каражаттарына баанын ар түрдүүлүгү 3 %дан 600 %га чейин жеткени аныкталган.

Бүгүнкү күнү мыйзам талаптарына ылайык, саламаттык сактоо уюмдары керектөөнү өздөрү аныктап, бөлүнгөн каражаттардын чегинде мамлекеттик сатып алуулар планын түзүп жана сатып алууларды өз алдынча жүргүзүшөт.

Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын 17 түрүнүн мисалында 60 саламаттык сактоо уюмунун сатып алууларынын жыйынтыгы минималдык жана орточо баанын ортосунда 46,6 млн. сомдук айырманы көрсөттү.

Саламаттык сактоо министрлигинин соодалоону борборлоштуруу тууралуу буйругунун негизинде борборлоштурулган соода өткөрүү тартиби жана схемасы иштелип чыгып бекитилген.

«Биз 119 саламаттык сактоо уюму үчүн 75 позицияга дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын 21 түрү боюнча борборлоштурулган соода өткөрүүгө даярдап жатабыз. Гемодиализ кызматтары, вакциналар, иммундук супрессорлор, инсулин дарылары, туберкулин жана башкаларды сатып алуу борборлоштурулуп жүргүзүлөт», — деди Космосбек Чолпонбаев.

Анын айтымында, борборлоштурулган сооданын натыйжасында дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын баасынын төмөндөшү, сатып алынган дары каражаттарынын сапатынын жогорулашы күтүүлүдө, саламаттык сактоо уюмдарында керектөө тутумунун ачыктыгы камсыздалат.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, калкты коопсуз, сапаттуу жана таасирдүү дары-дармектер менен камсыздоо – бул, мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.

«Өлкөгө ташып келинген сапатсыз дары-дармектер адамдардын ден соолугуна чоң зыян келтирет. Биз фармацевтика жаатын жарандардын кызыкчылыгын, алардын саламаттыгын эске алуу менен тартипке келтирүүгө тийишпиз«,- деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан сырткары, сатылып алынган дары-дармектердин коопсуздугун жана бул максаттарга бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуулугун камсыз кылуу керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM