Биз менен байланышыңыз

Тажиктер Ак-Сай айылынын башчысына кол салды

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 2980 | 0

Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Баткендин чек арадагы Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуевдин унаасын ташка алышты. Бул тууралуу айыл башчы «Марал» радиосуна билдирди.

«Бул окуя кечээ болду. Мен өзүмдүн Портер унаам менен малымды жайлоого жеткирүү үчүн Ворухтан өтүп баратканда, тажиктер таш менен урушту. Таш өзүмө тийген жок, бирок унаанын маңдайкы терезесин сындырып кетти. Бул боюнча эки тараптын жергиликтүү бийликтин, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүздүк. Сынган терезенин чыгымына 14 миң сом төлөтүп алдым», — деди Эркин Жолчуев.

Тажик тараптын милициясы унааны таш менен урган адамга кылмыш иш козголорун билдиришкен. Учурда Ак-Сай айылында абал туруктуу экени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM