Биз менен байланышыңыз

Балыкчыдан Бишкекке карай уран казууга каршы жөө жүрүш башталды

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 654 | 0

Бүгүн Балыкчы шаарынын жана шаарга жакын айылдардын тургундары уран кенин казууга каршы болуп, Балыкчыдан Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди. Алардын саны болжолдуу түрдө 300гө жетти. Жөө жүргөндөргө унаалар менен башка тургундар да кошулууда.

Бүгүн алар Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүштү. Чогулгандар эртең, 30-апрелде Бишкекте уранга каршы митинг өткөрүүнү пландаштырууда.

Айта кетсек, Балыкчы шаардык соту жөө жүрүшкө чыгууга тыюу салып, күндүзгү 10.00дөн -12.00гө чейин тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берген.

Буга чейин ушундай эле нааразылык акциясы Бишкек шаарында өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM