Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чегиндеги «Каркыра — Автожол» бекети ишин жандантат

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 631 | 0

1-майдан тарта кыргыз-казак чегиндеги «Каркыра — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши жанданат.

Бул тууралуу чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Каркыра — Автжол» көзөмөл-өткөрмө бекети күндүзгү убакытта саат 08:00дөн кечки саат 18:00гө чейин тыныгуусуз иштейт.

Бекеттен жарандар жана жеңил унаалар өтөт. Ал эми жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт.

Эске сала кетсек, аталган өткөрмө бекеттен электрондук виза менен өткөрүлбөйт.

Copyright © 2017 Maral FM