Биз менен байланышыңыз

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 542 | 0

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен 2019-жылдын июнь айында келет.

Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин 28-апрелде Пекинде жолугушуусунда белгилүү болгонун мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.

«Өткөн жылы Сиздин Кытайга болгон биринчи мамлекттик визитиңиз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым», – деп белгиледи Си Цзиньпин.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 25-28-апрелде башка мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилери менен бирге КЭРге «Бир алкак – бир жол» форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019» көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Андан сырткары, Сооронбай Жээнбеков КЭР мамлекеттик ишмерлер, ишканалардын жетекчилери жана илимий чөйрө менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM