Биз менен байланышыңыз

Республика боюнча мыкты азанчы тандалууда

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 975 | 0

Бүгүн Бишкектеги «Имам Сарахси» атындагы борбордук мечитте азанчылардын республикалык жарышы өтүп жатат.

Бул тууралуу уюштуруу тобунун жетекчиси Арыпбек Айтбаев билдирди.

Жарышта өлкө аймагынан тандалып алынган 27 азанчы ат салышууда. Азанчылардын республикалык мелдешине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана дин аалымдары катышууда.

«Азанчылар арасында өтүп жаткан мелдеш өлкөбүздө алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Республикалык тандоо турунда 3 жеңүүчү аныкталат. Биз буга чейин ар бир облустан үчтөн жеңүүчүнү таап, республикалык мелдешке жолдомо ыйгарганбыз», — дейт уюштуруу тобунун жетекчиси Арыпбек Айтбаев.

Азанчылардын республикалык мелдешинин жеңүүчүсүнө Умра сапарына жолдомо ыйгарылса, калган байгелүү орундарга баалуу белектер берилмекчи.

Эскерте кетсек, азанчылардын мелдеши Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана «Мухаммад Умар — Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын 27-март күнү облустук тандоо туру өткөн. Бул сынакка жалпысынан 500 азанчы катышып, республикалык мелдешке 27 талапкер жолдомо алган.

Copyright © 2017 Maral FM