Пекинде «Бир алкак — бир жол» аталышындагы экинчи эл аралык кызматташтык форуму өтүп жатат. Ага 37 өлкөдөн өлкө башчылар, премьер-министрлер катышууда. Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин : «Өнүккөн өлкөлөр жаңыдан өсүп келаткан мамлекеттерге колдоону күчөтүү зарыл», — деген чакырыкты таштады.
— Коомдо өнүгүүдөгү теңсиздик бүгүнкү дүйнөнүн ири көйгөйү болуп калууда… Өнүгүп келаткан мамлекеттерге жакырчылыкты жоюуга жана туруктуу өнүгүүгө жетишүүсүнө көмөктөшүү, көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн эл аралык кызматташтыкты бекемдөө зарыл.
Форумдун ачылышында экология, климаттын өзгөрүүсү жөнүндө да сөз болду. Бул көйгөйдү БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттереш айтып чыкты. Ал Кытайды экологияны сактап калуудагы акыркы ыкмалары менен башка өлкөлөргө да бөлүшүүгө чакырды. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин ЕАЭБ жана «Бир алкак — бир жол» долбоорунун алкагындагы өнөктөштөрүн кызматташууга чакырды.
— Евразия көптөгөн эл аралык көйгөйдү чечүүдө үлгү боло алат. Миңдеген жылдардан бери Евразия аймагында ар түрдүү маданияттагы, ар башка диндеги улуттар жашап келишет. Албетте, келишпестиктер, согуштар болгон. Бирок, ал убактар бизге сабак болуп, учурда евразиялыктар көз карандысыздык үчүн күрөшүп, ар бир өлкөнүн укук жана мыйзамдарын сыйлоого кызыкдар. Дал ушул максатта Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрү менен кызматташып, Евразия экономикалык биримдигин түзүп келебиз.
Маалым болгондой, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин «Бир алкак — бир жол» концепциясын 2013-жылы сунуштаган. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары бул демилгени колдогон. Серепчилердин айтымында, бул форумда Кыргызстан үчүн эң маанилүү маселе өлкө аймагы аркылуу темир жолун куруу болуп саналат. Эгерде президент бул маселени көтөрүп чыгып, темир жолдун маршруту өлкөнү аралап өтө турган болсо, экономикага кошкон салымы да чоң болмок. Бул туурасында экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов буларга токтолду.
— Темир жолду түз эле Сары-Таштан Ошко эмес, Балыкчыга чейин алып келип, Кочкордо курулуп жаткан магистраль аркылуу Жалал-Абадга алып кетсе, өлкө аймагын аралап өтмөк. Эгерде поезд түз эле өтө турган болсо токтобой, анда ижарасын гана алып калмакпыз. Ал эми аймактарды аралап өтсө, элге соода-сатык кылганга, ички каттамга, керек болсо туристтердин да поезд аркылуу жүрүшүнө шарт түзүлмөк. Ошондуктан, өлкө башчы ушул маселени айтса жакшы болот эле. Бул өлкө экономикасы үчүн чоң мүмкүнчүлүк.
Президент Сооронбай Жээнбековдун жарыш сөзү форумдун экинчи күнү 27-апрелге белгиленген. Серепчилер форумга өлкө башчынын өзү катышып жаткандагысы чоң мааниге ээ экенин белгилешет. «Анткени, бул форум Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мүмкүнчүлүк», — дейт саясий серепчи Сейтек Качкынбай.
— Сооронбай Жээнбековдун өзү катышып жатканы өтө маанилүү. Анткени, Кыргызстан Борбордук Азиянын ортосунда болгондуктан, обочолонуп калган. Тегерегибиздеги транспорттук мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Мисалы, сырттан кирген темир жол Казакстандан бүтүп калат. Өзбекстандан кирген темир жол да ошондой. Тегерегибизде деңиз да жок. Ошондуктан, дүйнөлүк, аймактык экономикага интеграция үчүн бул форумдун мааниси чоң. Албетте, ал үчүн президенттин катышып жатканы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн зор мааниге ээ.
«Бир алкак — бир жол» концепциясы Борбордук Азия, Европа жана Африка өлкөлөрү арасында соода-транспорттук коридорлорду түзүүгө багытталган. Белгилей кетсек, Борбор Азия өлкөлөрүнөн форумга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеев катышып жатат. Ал эми Казакстандан учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев эмес, элбашы Нурсултан Назарбаев катышууда.