Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: 50 жылдык мораторий киргизсек, эч ким тийише албай калат

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 510 | 0

Уранды казууга 50 жылдык мораторий киргизип салуу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Биз, Сулайманов экөөбүз сунуш кылып жаткан мыйзам, уран кенин казууга 2070-жылга чейин 50 жылдык мораторий киргизүү. 50 жылда эл жаңы дегендей, 2070-жылда жаңы доор келип, экологияга, адамдын ден соолугуна зыян келтирбегидей иштей турган заманбап технология чыкса, жаңы муун бул кенди керегине жаратар. Болбосо мораторийди узартып коё алат. Эгер мыйзам кабыл алынса, аны бузууга, кайра казууга макулбуз дегенге жакынкы 10-15 жылда эч кимдин, кала берсе өкмөттүн дагы, президенттин дагы колу да, оозу да барбай калат», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Анын айтымында, казуу учурунда мораторий киргизилбесе, азыркы оң сүйлөп жаткандар, тескери сүйлөп, уранды иштетүүнү колдоп чыга келиши да мүмкүн. Мораторий киргизилгенден кийин, 50 жыл  ичинде эч ким козгой албай калат.

Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жана «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов уран кенин казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште сунуштоого даярдап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM