Биз менен байланышыңыз

Батир алып берем деп алдаган аял кармалды

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 578 | 0

Бир нече жаранды акчасыз калтырган аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Апрелдин ортосунда 38 жаштагы Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылып, ири курулуш компаниясы куруп жаткан имараттан батир алып берем деп, 6 600 долларын алган Чолпон аттуу чала тааныш аялга карата тиешелүү чараларды көрүүнү суранган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында, батир сунуштаган аял курулуш компаниясына эч кандай тиешеси жоктугу аныкталган.

Ушундай эле арыз менен Ички иштер органдарына 55 жаштагы Чүй облусунун дагы бир тургуну арыз менен кайрылган. Арызда айтылгандай, 2016-жылдын күзүндө жогоруда аталган аял курулуп жаткан үйдөн батир алып берем деп алдап, 4 500 доллар алган. Жабырлануучунун айтуусунда, шектүү аял аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бюджеттик батирлер берилип жатканын кабарлап, ал үйдү арзан алуу үчүн тизмеге киргизип берем деген.

Аталган кылмыш иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) менен сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарында жашаган 1959-жылы туулган С. Ч. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM