Биз менен байланышыңыз

Пакистандын премьер-министри жемкордук жана жакырчылык менен күрөшүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 377 | 0

Пакистандын премьер-министри Имран Хан «Бир алкак — бир жол» эл аралык форумунда коррупция жана жакырчылык менен күрөшүүгө чакырды.

«Учурдун эң маанилүү көйгөйү антикоррупциялык кеңселерди түзүп, жемкордук менен күрөшүү болуп саналат. Себеби, азыр өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жаткан башкы нерсе ушул болууда», — деп белгилеп өттү.

Андан сырткары, муктаж болгон өлкөлөрдү колдоо үчүн жакырчылыкка каршы фонд түзүү зарылдыгын кошумчалады.

Имран Хан жакында Пакистанда жакырчылык менен күрөшүү үчүн атайын программа ишке киргенин айтып, анын максаты үч жүз жыл ичинде 800 миллион калкты жакырчылыктан алып чыккан Кытайдын жолун жолдоо экенин билдирди.

Жеке секторлордун активдүү кызматташтыгы үчүн  соода менен инвестицияга көбүрөөк көңүл бөлүүгө да үндөй кетти.

«Бир алкак — бир жол» эл аралык форуму Пекин шаарында өтүүдө. Ага 37 өлкөнүн лидери жана Өкмөт башчылары, алардын катарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM