Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Азия биринчилигинин финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 26 Апр 2019 | 924 | 1

Айсулуу Тыныбекова таиланддык балбан кыз Salinee Srisombat’ны далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздап, Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Финалда алтын медаль үчүн жапониялык Юкако Каваи менен кармашат.

Жапон кызы жарым финалда Түндүк Кореялык Hyon Gyong MUN’ду жеңип алган.

Байгелүү орундар үчүн чечүүчү беттештер Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат.

Эске сала кетсек, күрөш боюнча 2019-жылдагы Азия биринчилиги Кытайдын Сиань шаарында өтүүдө. Айсулуу Тыныбекова 62 кило салмактагылар арасында күч сынашып жатат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Азия биринчилиги Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайты аркылуу онлайн көрсөтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM