Биз менен байланышыңыз

«Бийлик бутактарынын баары өйдө жактын буйругун аткаргандай…»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Апр 2019 | 480 | 0

Бийлик бутактарынын баары өйдө жактын буйругун аткаргандай… Мындай пикирин Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, соттор көз каранды болуп, бийликтин буйругун аткарып келе жатат.

Карасартова Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча маселелер көбөйүп калганын белгилейт.

«Мыйзам жазылса, баары оңолот деген ойдобуз. Бирок, мыйзам чыгаруучулар, аны колдонгон соттор өздөрүнө көз салса өнүкмөкпүз. Мындан сырткары, натыйжаларды сандык көрсөткүч менен айтып көнгөнбүз. Өнүккөн өлкөлөрдө парламент 10-15 мыйзамды оңдодук дейт. Бизде болсо, керектүү кодекстерге бир жылда эле 17 жолу өзгөртүү киргизилүүдө. Кээде эл өкүлдөрү Конституцияга туура келбеген эрежени жеке кызыкчылыктарды көздөп киргизип алышат. Ошондо жарандардын: «бул Конституцияга туура келбейт», — деп Конституциялык палатага кайрылууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Аталган орган адамдардын укугу бузулбасын деп карап турушу зарыл эле. Тилекке каршы, Конституциялык палата бийликтин буйрутмасын аткарып жатат», — дейт Карасартова.

Эске салсак, 24-апрелде Конституциялык палата Жогорку Кеңеште соттордун иши боюнча жылдык маалыматты угуу парламенттин ыйгарым укуктарына кирбейт деген чечим чыгарды. Тагыраагы, «Жогорку Кеңеште соттордун иши боюнча жылдык маалыматты угуу парламенттин ыйгарым укугу» деген берене Конституцияга каршы келет деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM