Биз менен байланышыңыз

«Момбеков көп учурда адамдын аброюна катуу тие турган сөздөрдү айтат»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Апр 2019 | 731 | 0

Жогорку Сот буга чейин башын көтөрө албай Ак үйдүн чечимин аткарып келген. Бирок,  Жогорку соттун эл өкүлү Рыскелди Момбековдун сөзүнө каршы УКМКга кайрылуусу кубанычтуу. Мындай пикирин Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Жогорку сот Жогорку Кеңештин этика боюнча комиссиясына кайрылса болмок. Аталган органдын УКМКга кайрылуусу аша чапкандык. Бирок Момбеков көп учурда парламентке келгендердин аброюна, беделине катуу тие турган сөздөрдү айтат. Балким куудулдугун көрсөтүп, популизм үчүн жакшы дейттир. Бирок, «эл өкүлүмүн, каалагандай мыскылдай берем» дегени туура эмес. Бул эл өкүлдөрүнүн жалпы имиджине терс таасир тийгизүүдө», — дейт Сооронкулова.

Эскерте кетсек, айрым басылмалар Рыскелди Момбековдун «ТЭЦ-2» конушундагы сөзү үчүн суракка чакырылганын жазышкан. Анда депутат «Эгер жакын арада толкундоолор чыга турган болсо, бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамиледен эмес, сот менен элдин ортосундагы алакадан чыгат», — деп айткан болчу.

Бирок, атайын кызмат Мамбеков суракка чакырылбаганын, жөн гана кызматтык жолугушуу экендигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM