Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: Конституциялык палата элдин укугун чектеп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Апр 2019 | 452 | 0

Конституциялык палатанын Жогорку Кеңеште соттордун иши боюнча жылдык маалымат угуу парламенттин ыйгарым укуктарына кирбейт деген чечиминде ЖКнын көз карандысыздыгына коркунуч туудурган эч нерсе жок. Бирок, Коституциялык палата парламенттин эмес, элдин укугун чектеп жатат. Бул тууралуу Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Жарандар парламенттен башка кайсы жерде соттордун иши боюнча маалымат алабыз? Эч жерден ала албайбыз. Соттор маалымат бербейбиз, көз карандысызбыз дейт. Анда өйдө жактан келген буйруктарды аткарганы келгенде да көз карандысызбыз деп айтсын. Конституциялык палата биринчи жолу мыйзам бузган жок. Бул орган Конституцияга өзгөртүү киргизип жатканда да саясий буйруктарды аткарып, мыйзамдарды тебелеп кетишкен. Конституциялык палатанын ишин эч ким көзөмөлгө ала албайт. Эгерде Конституциялык сот туура иштесе, өлкөнүн тарыхы башкача болмок. Алар каалаганын кылып жатышат. Акаевди 3 жолу президенттикке койсо болот деген чечимди да ушул орган чыгарып берген. Кийин референдум сайын өзгөртүүлөрдү да Конституциялык сот бекитип берген», — дейт Сооронкулова.

Анын айтымында, Конституциялык палатанын ушул күнгө чейинки ишмердүүлүгүн анализдөө зарыл. Кокус, реформа талап кылган жагдайлар жаралса, Конституциялык палата жөнүндөгү мыйзамдын негизинде органдын макамы боюнча маселе каралышы шарт.

«Конституциялык палата көз карандысыздык макамына ээ эмес. Ал Жогорку Соттун палатасы. Демек, Жогорку Сот менен байланышы болушу керек. Конституциялык палатанын соттору мыйзамдуулуктун чегинде иштеши керек эле», — дейт Сооронкулова.

Эске салсак, 24-апрелде Конституциялык палата Жогорку Кеңеште соттордун иши боюнча жылдык маалыматты угуу парламенттин ыйгарым укуктарына кирбейт деген чечим чыгарды. Тагыраагы, «Жогорку Кеңеште соттордун иши боюнча жылдык маалыматты угуу парламенттин ыйгарым укугу» деген берене Конституцияга каршы келет деп тапты.

Copyright © 2017 Maral FM