Биз менен байланышыңыз

«Конституциялык палатанын чечими үчүн депутаттар соодалашууга да барат»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Апр 2019 | 519 | 0

Конституциялык палатанын чечими үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары керек болсо, соодалашууга да барат. Бул тууралуу Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык палата менен эл өкүлдөрүнүн ортосунда эл көрбөгөн механизмдер бар.

«Конституциялык палатага депутаттар: «Силерге баланча имаратты беребиз. Мынча каражат бөлдүртүп, ар бириңерди унаа менен камсыздайбыз. Силер да биз каалаган чечимди чыгарып берип койгулачы», — деген сыяктуу соодалашуу сунуштарын айткан механизмдер бар. Сот системасы башка бийлик бутактарына караганда, каражат жагынан көз каранды. Ошондуктан, көп учурда каржы маселеси маанилүү болуп кетет», — дейт Сооронкулова.

Анын баамында, Конституциялык сот Конституциянын кепили. Мындан улам чет өлкөлөрдө Конституциялык соттордун мүчөлөрүнө бийик талаптар коюлат. Ал эми Кыргызстанда сотторду тандоодо кемчиликтер бар.

«Эч кандай иш кылбай, 7 жылда 1-2 иш даярдаган судьялар бар. Гезит окуп, компьютердик оюн ойноп отургандар жок эмес. Конституциялык палатанын соттору салыштырмалуу көп айлык алат. Ал соттордун санын 5ке чейин кыскартуу зарыл. Конституциялык палата Жогорку соттун мыйзамын көз жуумп кабыл алууда. Бирок, бул орган жарандардын көп кайрылуусун кабыл албайт. Териштирбей, карабай туруп, кайра берип коёт. Мындан улам, Конституциялык палатанын ишин тескеш керек. Бирок, толугу менен жоюп салуу туура эмес», — дейт Сооронкулова.

Copyright © 2017 Maral FM