Биз менен байланышыңыз

Бишкекте азанчылар жарышы болот

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 459 | 0

Эртең, 27-апрелде Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте азанчылардын республикалык мелдеши өтөт.

Жарыш саат 9:00дө башталат. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Эртең өлкө аймагынан тандалып алынган 27 азанчы ат салышып, өз күчтөрүн сынап көрүшмөкчү. Азанчылардын республикалык мелдешине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана башка дин аалымдары катышат.

«Азанчылар арасында өтүп жаткан мелдеш өлкөбүздө алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Республикалык тандоо турунда 3 жеңүүчү аныкталат. Биз буга чейин ар бир облустан  үчтөн жеңүүчүнү аныктап, республикалык мелдешке жолдомо ыйгарганбыз», — деди уюштуруу тобунун жетекчиси Арыпбек Айтбаев.

Азанчылардын республикалык мелдешинин жеңүүчүсүнө Умра сапарына жолдомо ыйгарылса, калган 2 орунга баалуу белек-бечкектер берилмекчи.

Эскерте кетсек, азанчылардын мелдеши Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын 27-март күнү облустук тандоо туру өткөн. Бул сынакка жалпысынан миңге чукул азанчы катышып, республикалык мелдешке 27 талапкер жолдомо алган.

Copyright © 2017 Maral FM