Connect with us

Карасартова: Парламент алгач өзүн карашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Апр 2019 | 502 | 0

Конституциялык палатанын «Жогорку Кеңеште соттордун иши боюнча жылдык маалымат угуу, парламенттин ыйгарым укуктарына кирбейт» деген чечиминде, «парламент ордуңду билип отуруп тур» деген маселе бар. Бул жерде парламенттин да ролун кароо зарыл. Мындай пикирин Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот менен Конституциялык палата мыйзамдарды оңдоо маселелерин караса, ЖК мыйзам жазып, ага өзгөртүүлөрдү киргизет. Мындан улам, Жогорку сотто парламент кирише албайт деген маселе болбошу керек.

 «Сот системасы башка бийлик бутагына баш ийбей иштеши керек деген эреже бар. Бирок, Жогорку сот да, Конституциялык палата да өзүнө караса, эки бийлик бутагы тирешип тургандай. Парламент бүгүн таптакыр эч нерсе укпаса, соттордун иши боюнча кайдан маалымат алабыз? Парламент аркылуу бийлик бутактарынын эмне иш кылганын билишибиз керек. Бул жерден жарандардын укугу бузулууда. Биз кайдан маалымат алабыз? Парламент эрктүүлүгүн көрсөтсө, Тартип комиссиясына кайрылышы керек. Ошондо жарандык эл агартуу да болот. Тескерисинче, «шашпа, сени эртең шайлоодо өткөрбөй коём» деп башка ыкмаларга өтүүсү туура эмес», — дейт Карасартова.

Анын баамында, Жогорку соттун бир жылдык баяндамасын угуу деген ченемге таянып алып, эл өкүлдөрү тааныштарынын соттук ишин тескеп келген.

«Депутаттар сотторду «өйдө отур, тигиндей кыл, мындай кыл» дегенин көрдүк. Парламет алгач өзүн карашы керек. Конституциялык палатанын чечимдерин аткарбай жүргөндөрдү көрөбүз. Бизде мыйзамдар жазылып, кабыл алынат, бирок тирештерге келгенде, укуктук ыкмаларды колдонуудан качабыз. Ошол эле учурда, 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизип жатканда, өзгөртүүлөрдө маңыздык жагынан да, таасир жагынан да эбегейсиз тебелөө болгон. Бирок Конституциялык палата ага карабай өзгөрүүлөр жакшы деп койгон», — дейт Карасартова.

Copyright © 2017 Maral FM