Биз менен байланышыңыз

26-апрелде университеттердин эл аралык байланышын чыңдоо боюнча конференция өтөт

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 576 | 0

26-апрелде Бишкек Финансы-экономикалык академиясы Конрад Адэнаур атындагы фонддун колдоосу менен, Билим берүү жана илим министрлигинин катышкан «Университеттердин эл аралык байланышы: чакырыктар жана перспективалар» аттуу эл аралык  илимий-практикалык конференциясын өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Конференция эл аралык байланышты чыңдоонун жогорку билим берүү саясатына жана тажрыйбасына тийгизген таасири боюнча эл аралык негизги тренддерди эске алуу менен, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын эл аралык байланышынын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талдоо максатында өткөрүлмөкчү.

Анда негизги үч темага басым жасалат:

  1. Чет өлкөлүк ЖОЖдор менен кызматташуу: биргелешкен долбоорлордон кош дипломго чейин;
  2. Кыргызстандын ЖОЖдорунун экспорттук мүмкүнчүлүгүн калыптандыруу жана өнүктүрүү;
  3. Заманбап шарттагы жеке билим берүү көйгөйлөрү;

Конференцияга Жогорку Кеңешинин депутаттары, Билим берүү жана илим министри, Болгария, Латвия жана Орусия өлкөлөрүнүн эл аралык серепчилери, университеттердин ректорлору, министрликтердин жана ведомстволордун, донордук уюмдардын, 20дан ашык ЖОЖдун академиялык коомчулуктарынын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, студенттердин жана ишкерлердин ассоциацияларынын өкүлдөрү катышат.

Copyright © 2017 Maral FM