Биз менен байланышыңыз

Джозеф Байден 2020-жылдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 540 | 0

АКШнын мурдагы вице-президенти Джозеф Байден 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыша турганын өзүнүн Twitter баракчасына расмий жарыялады.

Morning Consult  изилдөө кызматынын элдик сурамжылоосунда шайлоочулардын 30 %ы Джозеф Байденди шайлай тургандыгын билдиришкен.

Буга чейин, «Эгер Джозеф Байден өзүнүн талапкерлигин көрсөтө турган болсо, праймеризди жеңип, Демократиялык партиянын атынан шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү көп», — деп айтылган.

Джозеф Байдендин саясий карьерасы 1972-жылы Делавэр штатынан Конгресстин сенатына шайлануу менен башталган. АКШнын президенттигине 2 жолу 1988-2008-жылдары ат салышып, бирок ийгиликке жеткен эмес. Бирок, Джозеф Байден 2009-2017 жылдары Барак Обаманын администрациясында вице-президенттик кызматты аркалаган.

Эске салсак, 2020-жылдын 3-ноябрында АКШнын 59-президенттик шайлоосу өтөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM