Биз менен байланышыңыз

Орусиянын премьер-министри майдын аягында Өзбекстанга расмий визит менен барат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 547 | 0

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жолугушуусу май айынын аягына белгиленгендигин review.uz. маалымат сайты билдирди.

Орусиянын премьер-министри  Дмитрий Медведев расмий визит менен 30-майда Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Өзбекстан менен Орусиянын мамлекеттер аралык экономикалык мамилелер боюнча комиссиясынын XX жыйынында белгилүү болгон.

Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы өз ара соода акыркы эки жылда 20 %га өскөндүгүн Орусиянын Экономика министри Максим Орешкин Өзбекстан менен Орусиянын мамлекеттер аралык экономикалык мамилелер боюнча комиссиясынын XX жыйынында билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM