Биз менен байланышыңыз

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту 2-майдан баштап абитуриенттерди кабыл алат

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 451 | 0

2019-2020-окуу жылына карата Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна 2-майдан 20-майга чейин бакалавр программасынын негизинде Кыргызстандын абитуриенттеринин документтерин кабыл алып баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы сынакка катышуунун негизи катары таанылат жана сынакка Кыргызстандын жарандары гана катышат.

Абитуриенттер «Эл аралык мамилелер», «Чет элдик аймак таануу», «Экономика», «Юриспруденция», «Журналистика», «Жарнама жана коом менен байланышуу» бөлүмдөрүнүн бирине документтерин тапшыра алат.

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган талапкерлер Москва шаарынан орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM