Биз менен байланышыңыз

2018-жылы 25 айыл таза суу менен камсыздалган

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 436 | 0

2018-жылы  «Капиталдык салымдар» беренесинин негизинде республикалык бюджеттен  250,0 млн. сом бөлүнүп, анын эсебинен 25 айылга (25 миңден ашуун тургун) таза суу чыгарылган. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, таза суу менен камсыз кылуу Дүйнөлүк банктын, Европа бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Швецариянын Кыргызстандагы элчилигинин, Ислам өнүктүрүү банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.

2018-жылы жогоруда аталган эл аралык каржы институттары тарабынан республиканын 17 айылында жалпы 554,6 млн. сомдон ашуун суммага таза суу менен камсыздоо системаларынын объекттери реабилитацияланган жана курулган. Натыйжада 20,0 миңден ашык адам ичүүчү суу менен камсыз болгон.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы 53,1 млн. долларлык 2 макулдашууга кол коюлган. Долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 60,0 миңден ашык жаран таза суу жана тазалоо курулмаларынын кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз болот.

Учурда республика боюнча 1819 айыл бар. Алардын ичинен 1334 айыл таза суу менен камсыздалган (жалпы санынын 74%). Ошентип, таза суу менен 485 айылды камсыз кылуу калды, бул жалпы өлкөдөгү аймактардын 26 %ын түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM