Connect with us

Путин: Ким Чен Ын менен сүйлөшүү ар тараптуу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 652 | 0

Орусия президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Тет-а-Тет форматындагы жолугушуусу эки саатка созулду. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы жазды.

Протоколдо сүйлөшүүгө болгону 50 мүнөт белгиленген болчу.

Сүйлөшүү жабык өттү. Делегация мүчөлөрү катышкан жок. Мамлекет башчыларын тилмечтери гана коштоп жүрдү.

Владимир Путин Ким Чен Ын менен Тет-а-Тет форматындагы сүйлөшүүнү ар тараптуу деп сыпаттады.

Учурда эки тараптын кеңейтилген курамдагы жолугушуусу башталганы айтылат.

Бүгүн Орусиянын Владивосток шаарында Орусия -Түндүк Корея саммити өтүп жатат.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын  Орусияга расмий сапар менен алгачкы жолу келди.

Copyright © 2017 Maral FM