Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн отчетун угуу 25-апрелде кайра уланат

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 489 | 0

Бүгүн, 24-апрелде өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши тууралуу Премьер-министрдин отчету угулду. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу кеӊири маалымат берген өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын көптөгөн суроолоруна жооп берип, алардын Өкмөттүн ишин жакшыртуу жаатындагы ой-пикирлерин укту. Талкууга жазылган депутаттарга убакыт жетпей калгандыктан, отчеттуу талкуулоо жол-жоболорун эртеӊ, 25-апрелде өтө турган жыйында улантуу чечими кабыл алынды.

 

Copyright © 2017 Maral FM